Орусиянын президенти Владимир Путин Орусия Федерациясынын Кыргыз Республикасынындагы Ыйгарым укуктуу Элчисин дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат Орусиянын укуктук маалымат расмий сайтында жайгаштырылган
Документке ылайык, жаңы элчи Николай Николаевич Удовиченко болот. Маалым болгондой, ал Кыргызстанга чейин, Нигериядагы Ыйгарым Укуктуу элчи болгон. Анын кесиптештеринин айтымында, ал өз тармагында чыныгы кесипкөй жана өз ишине жоопкерчиликтүү адис.
Анын ордундагы Андрей Крутько Путин кызматынан бошоткон. Бул ошол эле учурда Орусиянын укуктук маалымат расмий сайтында айтылат.
Сүрөт: 24smi.org