Кытай тарап убактылуу кыргыз-кытай чек арасын жабуу чечимин кабыл алды. 2019-жыл 2 -10 февралга чейин адамдар, жүк ташуучу унаалар, транспорттор токтотулуп, толугу менен чек ара жабылат.
Бул кадамдын расмий себеби, Кытай бийлиги “жаз” майрамын белгилейт. Кыргызстандын көптөгөн жашоочулары майрам үчүн, эмнеге чек араны жаап, эки элдин мамилесин токтотуу керек деп нааразы болууда.
Кытай чек ара кызматынын маалыматы боюнча, чек ара 11-февралдан баштап, эски тартипте, толугу менен иштеп баштайт.
Сүрөт: kaktus.media