Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, – деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 26-октябрда болжол менен таңкы саат 07:51лер чамасында катталган.
Жер титирөө Нарын районунун Казан-Куйган, Оттук айылдарында 3 баллга жана Кызыл-Жылдыз айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.