“Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы түзүлгөнүн жана бул чечим, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан кабыл алынган. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жаңы түзүлгөн ишкана төмөнкү милдеттерди аткарат:
• туризм тармагындагы мамлекеттик жана аймактык деңгээлдеги саясаттын аткарылышын камсыздаган механизмди түзүү;
• туристтик, экскурсиялык, мейманкана жана туризмге тийиштүү тейлөөлөр рыногун өнүктүрүү, туристтик бизнести өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу;
• мамлекеттик менчикте турган туристтик объектилердин, сервис-борборлордун инфраструктурасын модернизациялоо
Буга чейин Aбылгазиев, алдыга коюлган максат – ВВПдагы туризмдин үлүшүн 2023-жылга чейин, 10% жеткирүү болгон.
Сүрөт: gazeta.ru