Ош шаарынын ички иштер кызматкерлери жашы улуу адамды мазактаган эки бала аныкталды. Ош шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан айтымында, алар, он жети жаштагы, эки студент болгон.
Жаш балдар жабырлануучуну дайыма мас абалында короого келет деп актанышкан.
Милиция маалымдагандай, студенттер улуу кишиден кечирим сурашкан, бирок бул бейбаштык далил катары «бирдиктүү кылмыш реестрине» катталган деп билдирди.
Эске сала кетсек, жигиттер кары кишини кордоп жатканын видео тасмага өздөрү тартып «Instagram» коомдук желесине жүктөшкөн. Бир канча күндө эле бул материалды 250 000 ашык колдонуучу көрүп, тартипсиз жигиттерге чара колдонууну талап кылышкан.
https://www.instagram.com/p/BtYR5apngMD/?utm_source=ig_share_sheet&igshid=1f47qsbqx18ao
Сүрөт: kramatorskpost.com