Вице-премьер-министирдин орун басары, Аскарбек Шадиевдин мүлкү мамлекетке өтөт. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымдады.
Ал мурдагы расмий кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн айыпталып, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, мыйзамсыз акча каражаттарын мыйзамдаштырып алганын белгиледи. Жалпысынан, тартып алынган мүлк 1 миллиард 852 миллион сом болду.
Аскарбек Шадиев 10 жылга сыртынан кесилип, мүлкү мамлекетке өткөрүлүп берилди. Айрым маалыматтарга караганда, мурдагы жогорку даражалуу чиновник Америка Кошмо Штаттарына качып кеткен.
Сүрөт: today.kz