Жакартадан Индонезиянын Банка аралындагы Панкалпинанг шаарына багыт алган лайнер учуп чыккандан болжол менен 10 мүнөт өткөндөн кийин радардан жоголгон.
“Би-Би-Си” билдиргендей, учак Ява аралынын батыш жээктеринде деңизге кулаган. Анын бортунда канча киши болгону азырынча белгисиз.
Индонезиялык “Boeing 737-800” үлгүсүндөгү жүргүнчүлөр учагы Жакартанын аэропортунан учуп чыккандан кийин кырсыкка кабылганы кабарланды.
“Lion Air” авиакомпаниясына таандык “Boeing 737-800” учагына 189га чейин киши батат.