Ысык-Көл областы, Ананьево айылындагы вандализимден
кийин көрүстөндөгү мүрзөлөр калыбына келтирүү боюнча иштер аяктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага жергиликтүү тургундар жигердүү катышкан жаеа мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери, диний уюмдардын өкүлдөрү: Орус чиркөөсү, Ысык-Көл областынын казыяты, имам-хатибиат жана диндер аралык кеңеши, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдары жана ГАМСУМО.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар бардык диндердин өкүлдөрү тынчтыкта жашашы керек экендигин жана бири-бирине жардам берүү, колдоо жана кошуналар урматтоо керек экендигин айткан. Мындан тышкары, келечекте вандализимге жол бербөө жана күнөөлүлөрдү таап мыйзам түрүндө толук көлөмдө жазага тартылууга тийиш экени айтылды.
Сүрөт: rus.azattyk.org