Буга чейин түнкү клубда эс алып жүргөндөр студент балдар экени айтылып келген.
Бишкек ШИИБи билдиргендей “Mansion” клубунда алар өздөрүнүн окууга кабыл алынганын урматына майрам өткөрүп жатышкан.
Эс алып жүргөн үч баланын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Экөө биригип, үчүнчүсүн ур-токмокко алышкан. Соккудан улам ал жыгылып башы менен тепкичке тийген. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген.
Каза болгон бала 18 жаштагы Б.А. аттуу биринчи курстун студенти экени аныкталды. Аны сабагандар ошол эле окуу жайда окуган 18 жаштагы О.Р. менен 17 жаштагы М. уулу А. экени такталып, колго түшүрүлдү.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Кылмыш жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап залака тийгизүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Булак: Назар news