Жарандар мындан ары «Бишкек 312» уюлдук электрондук колдонмосу аркылуу арыздана алышат. Бул тууралуу шаар мэриясынын пресс-кызматы маалымдады.
Колдонмону ишке киргизүү боюнча буйрукка мэрия башчысы Азиз Суракматов кол койгон. А бирок, тэстик резимде колдонмо буга чейин бир жыл мурун иштей баштаган.
«Арыз же болбосо сунуштарды телефондон PlayMarket жана AppStore аркылуу көчүрүп алса болот. Аны иштетиүү үчүн колдонмо боюнча катталып, аты-жөнүн жана телефон номурун жазган соң, ар түрдүү топко кирүү сунушталат» – деп билдирди мэриянын пресс-кызматы.
Колдонуучылар ар түрдүү: Комуналдык чарба, коомдук транспорт, жолдорду салуу, социалдык мекемелердин ишмердүүлүгү, жашылдандыруу жана башка бөлүмдөр боюнча таанышса болот. Ошону менен катар эле «Бишкек мэриясынын официалдуу каналы» бөлүмү боюнча өз сунушу жана арызын таштай алат.