No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Воскресенье, 26.07.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Новости

Эргежээл кыз эркек төрөдү

33 жаштагы Ви Ксиан Лан Кытайдын Наньнин аймагында жашайт. Кичине чагында башкалардан эч айырмасы жок, чоңоюп келаткан, бирок 4кө чыккандан тартып өсүүсү дээрлик токтоп калган.


Атүгүл 17ге чыкканда дагы бою араң 93 см, салмагы 28 кг гана болгон. Сейрек кездешүүчү гипофиз оорусунун айынан Лан эч жерде иштебегендиктен аны адегенде ата-энеси багып келди.

Кийин алардын көзү өткөндөн кийин эжесин багуу милдетин иниси колго алган болчу. Бойго жеткен Лан эл катары турмушка чыгып, үй-бүлөлүү болууну кыялдануудан эч тажачу эмес.

«Эргежээл кызды ким алмак эле? Менин кимге керегим бар?»,- деп ойлоп, далай түндү ый менен өткөзгөнү ырас.
2016-жыл анын тагдырына бурулуш жасады. Күндөрдүн биринде соцтармактан Ли Тан аттуу жигит менен таанышат. Башында экөөнүн ортосунда баары тек гана убакыт өткөзүү үчүн маектешүү болсо, ал бара-бара достук мамилеге өтүп, көп өтпөй алар үйлөнүүнү чечишкен.

Танга кыздын эргежээлдиги эч кыжаалат кылган жок, кайра пикирлери бир жерден чыкпаспы. Кокус Лан төрөй турган болсо, баласы да эргежээл тартып каларын адистер эскертишкен болчу. Бирок бир жылдан кийин ал кош бойлуу болуп калганын билген.

Акушер-гинекологдор Ланга дароо боюнан алдыртууну сунушташкан. Албетте, Лан өзү 4 жаштагы баладай болуп турса, анан кантип ичиндеги ымыркайды көтөрө алат эле?! Жаш эненин өмүрү коркунучта болчу. Лан баарына кайыл эле, ал үчүн башкысы балалуу болуу керек. УЗИнин алгачкы сүрөттөрү бойдогу баланын нормалдуу өсүп жатканын ырастап турду. Бул аялга аябай дем берген.

Ошентип кош бойлуулуктун 37-жумалыгында курсагынын чоңдугунан Лан басмак тургай, дем ала албай калганда врачтар операция жолу менен төрөтүүнү чечишкен.

Эргежээл аял көз жарарын уккан журналисттер эчак төрөткананын кооросуна батпай кеткен. Көп өтпөй көпчүлүктү цттүргөн ымыркай жарык дүйнөгө келген. Ымыркайдын салмагы 2, 650 кг, ал эми бого 46 см болгон, тагыраак айтканда, бардыгы өз нормасында деген кеп. Адаттан тышкаркы үй-бүлөнүн окуясы Кытай ММКсы менен интернетте резонанс жараткандыктан элдин баары эненин аман-эсен көз жарып алышын тилеген билдирүүлөрүн калтырышкан.

Булак: «Сырдуу Дүйнө»

Tags: коз жаруукоомКытайЭргежээл аял

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Кыргызстан

В Кыргызстане установят около 20 тыс камер видеонаблюдения

25.07.2026
Безопасность

В Бишкеке предотвратили попытку организации незаконного митинга

25.07.2026
Кыргызстан

Кулубаев и Ван И обсудили подготовку визита Си Цзиньпина в Кыргызстан

25.07.2026
Кыргызстан

Спрос на соки из Кыргызстана за рубежом увеличился впятеро

25.07.2026
Кыргызстан

Ледники Кыргызстана за 70 лет сократились на 16%

25.07.2026
Кыргызстан

В Бишкеке установлен температурный рекорд за последние сто лет

25.07.2026
Аналитика

Кыргызстан и Узбекистан создают новые экономические маршруты Центральной Азии

24.07.2026
Кыргызстан

Из Кыргызстана с начала года выдворили более 450 иностранцев

24.07.2026
Безопасность

Главком ВСУ Драпатый резко высказался о жителях Донбасса

24.07.2026
Безопасность

В Кыргызстане зафиксировали рекордное число селей с начала года

24.07.2026
Безопасность

Жапаров призвал укрепить ШОС перед лицом новых угроз

24.07.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире