«Mansion» түнкү клубундагы мушташ жана студенттин тепкичтен кулап каза болгон учуру клубдун видеобайкоосуна түшүп калган.
Кадрда балдардын ортосунда чыккан мушташты байкаса болот. Мушташтын бардык катышуучулары алкоголдук ичимдик ичкендиктери байкалат. Мушташып жаткандарды жанындагылар ажыратууга аракет кылып атышат бирок, бир канча секундтун ичинде балдар тепкичтен кулап түшүшөт.
«Mansion Night Hall» түнкү клубунда 27синен 28-октябрга караган түнү студенттикке “кабыл алуу” майрамы өткөрүлүп жаткан. Түнкү клубда мушташ болуп жаткандыгы тууралуу милициянын бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери эс учун жоготуп жаткан студент баланы табышкан. Тез жардам чакырылып жолдо бараткан жеринен бала каза болуп калган.
Каза болгон студент болгону 17 гана жашта болгон. Денеге оор залал келтирүү боюнча 17 жана 18 жаштагы эки бала кармалган. Учурда эки бала тен 2 айга камалышты.
Бирөөсү убактылуу кармоочу жайга жеткирилсе, экинчиси Вознесенка айылындагы – өспүрүмдөр колониясына жөнөтүлдү.