No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Пятница, 01.05.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home

Жогорку сот Кубанычбек Кулматовду камакта калтырды

02.11.2018

Жогорку сот Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду үй камагына чыгаруу боюнча анын адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, жогорку баскычтагы сот адвокаттардын келтирген жүйөлөрүн эске алган жок. Буга чейин ушул айдын башында Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбек Кулматовду 28-ноябрга чейин абакта калтыруу жөнүндө чечим кабыл алган. Бул чечимди шаардык сот күчүндө калтырган.

Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен айып коюлган.

Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши ачылган.

Tags: Жогорку соткамаккоррупцияКубанычбек Кулматовмэрсот

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Новости

Фицо раскритиковал двойные стандарты Европы из-за контактов с Путиным

01.05.2026
Кыргызстан

Касымалиев поздравил кыргызстанцев с Праздником труда

01.05.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане повысили тарифы на электроэнергию

01.05.2026
Кыргызстан

В Кадамджае мощный сель перекрыл дороги и нарушил движение

01.05.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане ввели фиксированные тарифы на внутренние авиарейсы

01.05.2026
Новости

Президент Ирана назвал морскую блокаду США угрозой мировой стабильности

01.05.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане предлагают ужесточить ответственность медицинских лабораторий

01.05.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане Последний звонок пройдет 29 мая вместо 25-го

01.05.2026
Аналитика

Реформа в КР уменьшила бюрократию и упростила условия для предпринимателей

30.04.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане предлагают ужесточить наказание за нападения на врачей

30.04.2026
Безопасность

Белоусов заявил о растущем вовлечении ЕС в украинский конфликт

30.04.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире