Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын издөөдө жүргөн депутаты Аскарбек Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков билдирди.
Анын айтымында, Шадиев өз эрки менен жазган арызынын негизинде фракциядан чыгарылган. Мыйзамга ылайык, өз эрки менен фракциядан чыгууга арыз берген эл өкүлүнүн депутаттык ишмердүүлүгү токтотулуп, депутаттык мандаттан ажыратылды.
Шадиевдин ордуна “Бир Бол” фракциясынын кийинки тизмесинде турган Эрмамат Тагаев депутат болуп катталды. Ага мандат Борбордук шайлоо комиссиясынын 2-ноябрдагы отурумунда тапшырылды.
Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура алгач “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон.
Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда экени кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренесинде каралган белгилер боюнча иш козгогон. Андан соң “Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо” беренеси боюнча да айып тагылган.
Шадиевге издөө жарыяланган.