Журналисттик иликтөөлөр фонду чакан грант алууга сынак жарыялады. Ага иликтөө менен алектенген журналисттер, медиа тармагында иштеген уюмдар, фрилансерлер, жарандык активисттер, блоггерлер, студенттер жана дагы башка кызыккан адамдар катыша алат.
Гранттардын максаты – Кыргызстанда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, иликтөө жүргүзгөндөргө каржылык, адистик жардам көрсөтүү.
Гранттын өлчөмү – 70 000 сом. Анын ичине транспорттук чыгымдар, жабдыктардын ижарасы, документтерди чогултуу үчүн жана башка максаттагы каражаттар кирет. Гранттын жарымы өтүнмө канааттандырылганда, калганы – иликтөө аяктаганда берилет.
Сынакка өтүнмөлөр кыргыз же орус тилинде кабыл алынат. Анда иликтөөнүн темасы, иликтөө жүргүзүүнүн жолдору көрсөтүлүп, долбоордун бюджети көрсөтүлүшү керек. Иликтөөлөр ТВ, радио, онлайн, басма форматында болушу мүмкүн. Катышуучулар 25-ноябрга чейин [email protected] дарегине өтүнмө жибериши керек.