Атырау облусунун Томарлы айылынын жашоочусу 63 жаштагы Айгалы Супыгалиев өзүнүн «жаназасынан» кийин эки айдан соң үйүнө кайтып келди.
Бул тууралуу Кnews «Ак Жайык» гезитине ссылка берүү менен кабарлайт.
Белгилүү болгондой, Айгалы үйүнөн ушул жылдын 20-июнда чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.
Туугандары 9-июлда анын жоголгондугун полицияга кабарлашкан. Бир аз убакыттан кийин полиция кызматкерлери кайрылган туугандарын чакырып, белгисиз кишинин денесин таанууга көрсөтүшкөн. Бирок, өлүк бузулуп таптакыр таанылгыс болуп калгандыктан, ДНКсын текшерүүгө жөнөтүшкөн. ДНКнын жыйынтыгы 99,92 пайызга дал келип, өлүк Айгалынын денеси экенин тастыктаган.
Сөөкү өз каадасында, салтка ылайык көмүшүп, ал эми Сайгалы кайтып келген күнү туугандары анын мүрзөсүнө эстелик койгону камданып жатышкан.
Сайгалынын айтуусу боюнча, ал ушул убакта, белгисиз адамдардын койун кайтарып жүргөн. Кайтып келген Сайгалынын туугандары, кимди көмүшкөнүнө таң калышып, мындай ишке дуушар кылган облустук полицияны, соттук медициналык эскпертизаны сотко бере тургандыктарын ЖМКларга кабарлашкан.