Кыргызстандыктар ноябрь айында беш күн катары менен эс алат. Мындай эс алуу күндөрү Тарых жана ата-бабалар күнүнө байланыштуу. Эс алуу эртең 7-ноябрдан тарта башталып 11-ноябрга чейин уланат. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, 28-феварлда кабыл алынган токтомдун негизинде эс алышат.
Ага ылайык, 7-8-9-10-11-ноябрь күндөрү дем алыш болуп эсептелет.
Эске салсак, 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары жарыяланган. 9-ноябрь (жума) дагы дем алыш күн болот, бирок кыргызстандыктар ал күндү 3-ноябрь (ишемби) күнү иштеп берет. 10-11-ноябрь ишемби жана жекшембиге туура келет.