Оштун вице-мэри Нурбек Кадыров Түркия республикасынын эл аралык коомдук “Маариф” фонддун өкүлдөрү менен директорлор Кеңешинин мүчөсү доктор Жахит Бакчы менен бирге жолукту.
Кадыров куттуктоо сөзүндө, Ош инвесторлор менен шаардын жана шаардыктардын турмуш шартын жакшыртуу үчүн кызматташууга дайыма даяр экендигин билдирди. Ошондой эле вице-мэри белгилегендей, Ош шаары учурда Түркиянын алты шаары менен тыгыз достук мамиледе, атап айтканда: Стамбул, Манис, Самсун, Амасье, Езгат, Сакарь. Бул шаарлар менен Оштун экономикалык, маданий мамилелери кыйла өнүккөн. Бул мамилелер, өзгөчө, быйыл өткөрүлүп жаткан «Түрк дүйнөсүнүн Ош – маданий борбору» иш-чаралар программасынын алкагында көрүнөт.
Фонддун өкүлдөрү дүйнөнүн ар-кыл шаарларында өз ишмердүүлүгү, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарын колдоо тууралуу айтып беришти. Жолугушуунун жүрүшүндө фонддун директору Маданият жана билим берүү алкагындагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү сунушун киргизди.
«Биз эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн Ош шаарынын маанисин жакшы түшүнөбүз жана баалайбыз. Биздин фонд Ош шаарындагы мектепти же башка социалдык объектилерди реконструкциялоого көмөк көрсөтө алат», – деп белгиледи доктор Жакит Бакчы.
Жолугушуу учурунда тараптар эки тараптуу кызматташуунун ар кандай аспектилерин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө макулдашышты.