Ош шаарында ушул жылдын 6-сентябрында «Ош-Таатан» соода борборунда алгачкы жолу Гуандун Кытай провинциясынын продукциясынын көргөзмөсү өтөт. Бул облус Борбордук Азия аймагында абдан өнүккөн аймак болуп эсептелет.
Иш-чара учурунда чоң көлөмдөгү товарлардын түрлөрү көрсөтүлөт, анын ичинде эмерек жана курулуш материалдары, электроника жана тиричилик техникасы, мейманканалык буюмдар — бардыгы болуп миңден ашуун жана ар түрдүү товарлар көрсөтүлөт.
Көргөзмөдө ар түрдүү эл аралык бренддер көрсөтүлөт. Жалпысынан 50 – ашуун,
анын ичинде Mona Lisa, Monte Carlo, Midea жана башкалар турмуш-тиричилик техникасы.
Бул көргөзмөнүн баасы төмөн болот, анткени ортомчуларсыз сатууну уюштуруу пландаштырылууда. Көргөзмө өткөрүлө турган жалпы аянт он миң чарчы метрге жетет.
Белгилей кетсек, КЭР провинциясы Гуандун Кытайдын түштүк жакасы болуп саналат. Үч жылдан бери Провинция Кытай Эл Республикасынын Улуттук экономикасындагы жана экспорттук соода тармагындагы негизги ролду ойнойт. Ошондой эле, бул заманбап өнөр жай райондук жана көргөзмө өнөр менен дүйнөлүк өндүрүштүк борбору болуп саналат.
Келерки жылдан баштап Ош шаарында эки жолу жазгы жана күзгү мезгилдердеги Кытай провинциясынан алынган азык — түлүктөрдүн көргөзмөсүн өткөрүү пландаштырылган.