Кечээ, 15-ноябрда “Парламент” радиосуна маек берип жатып депутат Курманкул Зулушев “сот десе эле судьялар алып жаткан маянаны элестетүү жарабайт. Сот аппаратында иштеп жаткан катчылар, иш кагаздарын жүргүзүүчүлөр сыяктуу айлыгы аз, мээнети күч адистер бар. Азыр алардын тапкан кирешеси 7- 8 миң сомдон ашып – ашпайт. Ошондуктан, айлыкты жогорулатуу маселеси курч турат”, – деди.
Ал эми уктуруга катышкан КР Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков сот реформасына ылайык, кошумча штаттык бирдиктердин эсеби 187ни түзөөрүн, алардын айлык акыларына деп 427 млн. сомдон ашык каражат каралып жатканын айтты.
“Борбордук казынада атайын депозиттик эсеп ачылган. Анда ири коррупциялык иштерге аралашкандардан өндүрүлгөн каражаттар топтолот. Соңку көрсөткүчтөр боюнча аталган эсепке 550 млн. сомго жакын каражат келип түшкөн. Арасында салыктык төлөмдөр дагы бар. Ал 211 млн. сомду түзүп, толугу менен республикалык бюджетке которулду” – деди КР Каржы министринин орун басары.
Эскерте кетсек, 2004 –жылы сот системасынын бюджет көлөмү – 140 млн. 423 миң сомду түзгөн. Улам жылдан – жылга суроо – талап жогорулап, алдыдагы 2019 – жылга болжолдонуп жаткан сумма 2 млрд. 154 млн сомго жетти. Акырындык менен сот тармагынын бюджети республикалык бюджеттин чыгашасынын 2 %ына туура келгидей болуп аныкталышы керек. Мындай маалыматтар менен КР Сот департаментинин статс – катчысы Сталбек Калмаков тааныштырды.