Ички иштер министрлигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асановдун кайтаруучусу болгон айдоочу 7-8-августтагы окуяларга катышкандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма-сөз кызматы билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргызстандын ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 2019 – жылдын 7-8-августунда орун алган укукка каршы аракеттери боюнча тергөө иштери улантылууда”, – деп айтылат билдирүүдө.
Айдоочу, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына иш боюнча олуттуу мааниге ээ болгон документтерди өткөрүп берүүгө шектелүүдө. Учурда ал Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө улантылат, бул кылмыш жасоого тиешеси бар адамдар да аныкталат.
Эске салсак, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип, кызматынан четтетилген.