Бишкекте бүгүн, 17-ноябрь – кыргыз киносунун күнү белгиленип жатат. Иш-чаранын алкагында “Ала-Тоо” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү, концерттик программа менен коштолуп, “Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү” аталышындагы даректүү тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле ХХ кылымда кино тартууда колдонулган камера, штатив, жарык берүүчү жабдуулар көргөзмөгө коюлду.
Бул күндү белгилөө тууралуу жарлык 1941-жылы ошол кездеги “Фрунзенин кинохроника студиясы”, учурдагы “Кыргызфильм” киностудиясынын түптөлүшү менен ишке кирген. Кыргыздын эң биринчи түстүү тасмасы – “Салтанат”. Ага советтик кинорежиссёр Василий Пронин режиссёрлук кылып, фильм 1955-жылы тартылып бүткөн. Кыргыз тасмаларына зор салым кошкон залкар актёр жана актрисалар Муратбек Рыскулов, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаева, Сүймөнкул Чокморов жана башкалар. Ал эми кинорежиссёрлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, Болот Шамшиев.