АКШ Мамлекеттик департаментинде өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчилер менен, АКШ башкы катчысынын жардамчысы Элис Уэллстин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга өлкөбүздүн АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев катышты.
Жолугушуунун алкагында дипломаттар Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жана АКШ мамлекеттик катчысынын пландаштырылган жолугушуусуна даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат алышты. Американын Мамлекеттик департаментинде АКШнын боло турган жыйынында эл аралык терроризмге каршы күрөшүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулоо каралып жатканын билдиришти.
Америкалыктар жолугушуунун алкагында Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташууну жана экономикалык өз ара аракеттешүүнү бекемдөөнүн мүмкүн болгон варианттарын кароого ниеттенишүүдө.