Борбор калаада жана Ошто мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында 20 мектептин курулушу боюнча долбоор ишке ашырылып жатат, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Ведомствонун жетекчиси Каныбек Исаков Эл аралык финансылык корпорациянын өкүлү (IFC) Петью Николов, Салтанат Алымкулова жана Нассер Макоудду менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү министри жана финансы корпорациясынын өкүлдөрү окуу мекемелеринин курулушуна жана реконструкциялоого тийиштүү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жалпы долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулады.
Долбоорго ылайык, Бишкек жана Ош шаарларындагы жыйырма жаңы окуу жайы курулат. Бүгүнкү күндө шаардык бийлик мектептерди куруу үчүн жер бөлүп берди. Жарым жылдык мезгил ичинде финансы-кредит мекемесинин адистери зарыл эсептөөлөрдү, ошондой эле аларга техникалык-экономикалык негиздеме даярдалат.
Эл аралык корпорация долбоорду ишке ашыруу боюнча бардык чыгымдарды өзүнө алган.