Мындай демилгени Жогорку Кеңештин бүгүн, 22-ноябрдагы сессиясында “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Рада Туманбаева көтөрдү.
Ал келерки жылды Экология жылы деп жарыялоо тууралуу президентке сунуш берээрин билдирди. Анын айтымында, учурда экология тармагында чечүүгө муктаж көйгөйлөр көп.
Бишкекте акыркы кезде абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. “Move Green” коомдук кыймылы башкалаада аба нормадан 20 эсе көп кирдегенин кабарлаган.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги муну четке кагууда.
Бирок ноябрь келип, күн сууктаганы Бишкектин асманын ыш каптады.Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары муну тастыктаган сүрөттөрдү Интернетке жүктөп жатышат. Бул маселе кийинки жылдары күз-кыш айларында өзгөчө байкалууда.