Президент Дональд Трамп АКШнын аскерлерине Мексика менен чек арада башаламандык чыкса жана бажы кызматкерлери менен чек арачылардын коопсуздугуна коркунуч жаралса, мигранттарга каршы курал колдонууга уруксат берди. Бул тууралуу CNN каналы кабарлады.
Каналдын маалыматына ылайык, Трамп миграттардын арасында кылмышкерлер бар экенин белгилеп, “менде башка тандоо жок” деп билдирген. Ал Мексика менен чек араны биротоло жабуу мүмкүндүгүн да четке каккан жок.
АКШда тынчтык учурунда аскерлерге полициянын ыйгарым укуктары берилбейт.
Азаттык