«Бажы биримдигинин/Евразия экономикалык биримдигинин кабыл алынган техникалык регламенттеринин жоболорун түшүндүрүү» семинарынын алкагында мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын, ошондой эле ишкерлердин өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар болуп өттү.
Жолугушуулар учурунда ЕАЭБ аймагында колдонулган жана кабыл алынган укуктук ченемдерге, тамак-аш продукциясын чыгарууга жана аны ЕАЭБ рынокторуна жана үчүнчү мамлекеттердин рынокторуна чыгарууга уруксат берилген техникалык регламенттерге, шарттарга тиешелүү маселелер талкууланды.
Ошондой эле эксперттер товарларды маркалоодо, аны таңгактоодо жана продукцияны көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бере турган товарды коштоочу документтерде кандай талаптарды сактоо керектиги тууралуу маалыматтарды беришкен.
Эксперттер семинардын программасы жогорку потенциалдагы продукцияны экспорттоо көлөмүн жогорулатуу боюнча бир катар чараларды кабыл алууга багытталган.