Япон тарап жакынкы 5 жылга Кыргызстандын жарандары үчүн курулуш, тейлөө жана авто унаасын тейлөө жаатында 345 миң виза берүүгө ниеттенип жатат. Буга Япониянын юстиция министри Кацуюки Каваи менен жолугушууда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма-сөз кызматы билдирет.
Кацуюки Каваи жолугушуу учурунда Япониянын миграциялык мыйзамдарга визалардын жаңы категорияларын киргизгендиги: «атайын көндүмдөр 1» жана «атайын көндүмдөр 2» экенин белгилеп өттү. Өз кезегинде, Айдарбеков, Кыргызстан тарап жаңы визаларды талапка ылайыктуу квалификациялуу адистерди даярдап чыгарат.
Япониянын юстиция министри билдиргендей, визалардын жаңы түрлөрү мамлекет үстүбүздөгү жылдын апрель айында чыгып, беш жыл ичинде Япония 345тен ашуун жумушчу виза берип келет.