Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын делегациясы ШКУнун Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы эксперттик жумушчу топтун отурумуна катышып, ал Россиянын борборунда болуп өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйын учурунда тараптар ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коргоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкка жана келерки жылы Россиянын төрагалыгы алдында бир катар иш-чараларды өткөрүүгө тийиштүү маселелерди талкуулашты.
Ошондой эле отурумдун катышуучулары региондо коопсуздукту камсыз кылуу жана Россия Тараптын аймагында “тынчтык миссиясы” антитеррористтик командалык-штабдык машыгуусун өткөрүү боюнча пикир алмашты.
Бул жылы Кыргызстандын борборунда кабыл алынган протокол боюнча ШКУга мүчө болууну каалаган Индия, Пакистан жана башка мамлекеттер биргелешкен окуулар жөнүндө макулдашууга кошулууга жана аларга толук катышууга укуктуу.