Улуттук банктын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, ушул тапта бир АКШ долларынын баасы 69,85 сомду түзөт. 2018-жылдын башынан тартып доллардын курсу 1,4 пайызга өскөн.
Айрым эксперттер мындай көрүнүштү орус рублинин алсыздашы менен түшүндүрүп, аны Орусияга каршы даярдалып жаткан кошумча санкциялар менен байланыштырууда.
Учурда акча алмаштыруу пункттарда бир АКШ доллары 69,95 сомдон сатылууда.