Мыйзамсыз иштерди жүзөгө ашыруу үчүн майып адамдын кол тамгасы колдонулганы айтылууда.
Калаа прокуратурасы Бишкек шаарынын Свердлов райондук салык кызматкерлерин мамлекетке зыян келтирди деп күнөөлөп жатат. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан кабарлашты.
Прокуратуранын маалыматына караганда, салык кызматкерлери материалдык пайда көрүү үчүн Бишкек шаарынын көздүн көрүүсү боюнча 1-топтогу майып тургуну А.Б. аттуу жарандын кол тамгасын жасашкан. Андан соң анын негизинде К.С. аттуу жаранга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар алып келүүгө ыктыярдуу патент жана маалымат берилген. Ошентип Кыргызстандын аймагына товар алып кирип турушкан.
Мыйзамсыз берилген патент менен 2018-жылдын 1-январынан 28-февралына чейин Кыргызстанга 119 миллион 228 миң 230 сомго бааланган товар алынып келип, бирок кошумча нарк салыгы үчүн 14 миллион 307 миң 388 сом төлөнбөй калган.Башкы прокуратурадан билдиришкендей, мунун арты менен мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 304 (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 315-беренелери (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголду.
Спутник кж