Инвестдолбоорлорду жүзөгө ашырууда мамлекеттин жана анын жарандарынын Өкмөттүн кызыкчылыгын дайыма биринчи орунга коюп турушат. Бул туурасында өлкөнүн вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Аскаров, профилдик мамлекеттик органдардын башчылары, бийлик органдарынын өкүлдөрү жер-жерлерде жарандарды кызыктырган суроолорго логистикалык борборду куруу долбоору тууралуу жооп беришти.
«Долбоордун жалпы наркы 289 миллион долларга жетет. Бул акчанын кредит же карыз болуп эсептелинбейт. Бул индустриалдык-соода-логистикалык борборду курууга багытталган инвестициялар. Мында бажы жана логистикалык зоналар, соода залдары салынып, жылытуунун жана электр энергиясынын борборлоштурулган системасы орнотулат. Ошондой эле кызматкерлер жана жергиликтүү жашоочулар үчүн спортзалдар, мектептер, медкабинеттер курулат», – деди Аскаров.
Ошондой эле ал белгилегендей, кандайдыр бир инвестдолбоорду ишке ашырууда экологиялык мүнөздөгү маселелерге жогорку көңүл бурулууда.
«Инвесторлордун алдында: Кыргызстанда колдонулуп жаткан экологиялык нормаларды сактоо милдети коюлган. Мисалы, күн батареялары колдонулат, заманбап суу тазалоо жана канализациялык системалары орнотулган. Борбордун аймагында электромобилдер көрсөтүлөт. Бул долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик чек ара тилкеси бир да метрге жылдырылбайт. Объектте 15000 жумушчу орун түзүлөт»,-деди вице-премьер.
Жолугушуу соңунда «Нарын» жана «Ат-Башы» эркин экономикалык зоналарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө логистикалык борборду курууга тийиштүү калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.