Энеликти жана балалыкты коргоо улуттук борборунда каза болгон 2 жашар баланын денесинде эски жаракаттар жана гематомалар табылды.
Бул туурасында 24.kg «Лига защиты прав ребенка» мекеменин башчысы Назгүль Турдубекова билдирди.
Баланын өлүмү фактысы боюнча «ден соолукка оор зыян келтирүү» деген беренеде кылмыш иши козголду жана экспертизанын жагдайын айкын-ачык билүү үчүн зарыл болуп белгиленди.
Текшерүүнүн натыйжасында, КР КЖКнын «Абайлабагандан адам өлтүрүү» беренеси боюнча айыпталган, ал ооруканага баланы алып келген 32 жашар аялга коюлган. Ал эми жашы жете элек үч баланы тарбиялап жаткан аялды кармаган жок.
Бирок баланын денесинде көптөгөн жаракаттар жана гематомалар табылган.
«Керебеттен жыгылса, мындай жаракаттарды алууга мүмкүн эмес», – деп билдирди Турдубекова.
Ал баланы бир өзү эле эмес, бир нече адамдар сабаган деп ойлойт.
Эске сала кетсек, 2 жаштагы бала ооруканага 28-ноябрда оор абалда келген, бирок врачтардын аракетине карабастан өзүнө келе электе эле каза болду. Медициналык мекемеге аял киши алып келген, баланын апасы ал аялга баласын таштап кеткен, убактылуу, кароого. Ал бала 2 кабат керебеттен кулап түшүп натыйжасында көптөгөн жаракат алган деп билдирди.
Сүрөт: rusplt.ru