Бүгүн, 21-декабрда, Өзбекстандын президентинин мурдагы мамлекеттик кеңешчиси Муиджон Тохирини кармоо жүргүзүлгөн.
Бул тууралуу коңшулаш өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма-сөз кызматынан маалымдады.
«Муиджон Тохирий кармалган. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат»,-деп белгиледи Пресс-кызматтын жетекчиси Сурайе Рахманова.
Ошондой эле билдирүүдө, Өзбекстан тергөөнүн кызыкчылыгында башка маалыматты азырынча ачыкка чыгарылбайт деп көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, Муиджон Тохирий УКК төрагасынын орун басары болуп кызмат кылган, 2013-жылы Ислам Каримов каза болгонго чейин Өзбекстандын президентинин коопсуздук Кызматын жетектеген.
2016-жылы декабрда Муиджон Тохирий ӨР Мамлекеттик бажы комитетинин башчысы болуп дайындалган, ушул жылдын 12-февралында кызматтан кеткен.
Сүрөт: utro.ru