Эркек алдын ала өспүрүм кызды зордуктап, анын агасын, чоң энесин муунтуп өлтүргөн, андан кийин оор кылмыштын изин жашыруу максатында үйгө өрт койгон.
Кырсык тууралуу sputnik.kg маалымдаган.
Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Көк-Ой айылындагы өрт тууралуу кабар РИИБдин кызматкерлерине келип түшкөн. Укук коргоочулар окуя болгон жерге кырдаалды чечүү максатында тездик менен келишкен. Алар үч адамдын өлүгүн табышкан: 47-жаштагы чоң энеси жана эки небереси — 7 жаштагы эркек бала жана 4 жаштагы кыз.
Судмедэкспертизанын жыйынтыгы боюнча өлүмдүн себеби көмүртек кычкылы болгон эмес — үчөөсүн тең муунткан жана жаш кызды зордуктаган.
Укук коргоо органы тарабынан КЖК «Өлтүрүү» 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Көп өтпөй шектүү кармалып баарын мойнуна алган.
29-жаштагы Ш.К., аттуу жарандын айтымында ал 20-декабрь күнү наристелердин чоң энеси менен спирт ичимдигин ичишкен, алар түнкү саат 23.00 чейин олтурушкан, аял уктаганга чейин. Кийин ал наристелер жаткан уктоочу бөлмөгө кирген жана кызды зордуктаган. Кыздын агасы ойгонгонун көрүп муунтуп өлтүргөн, кийин кызды муунткан. Андан кийинки кезекте чоң энесинин өлүмү болгон.
«Кылмыштын изин жашыруу максатында Ш.К. мештен көмүр алып үйгө чачып, качып кеткен»,— ИИМ маалымдашкан.
Учурда кылмышкер тергөө иштери аякташын күтүп, жергиликтүү райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында болот.
Сүрөт: utro.ru