Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Соликамск шахтасындагы өрттүн кесепетинен каза болгондорго Россия Федерациясынын башчысы Владимир Путинге көңүл айтты.
Бул тууралуу мамлекет башчынын басма-сөз кызматы билдирди.
«Соликамскдеги өрттүн кесепетинен кенчилердин трагедиялуу өлүмү тууралуу кабар, терең кайгыртты. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Оор жоготуусун тең бөлүшөм», — деп белгиленет кайрылууда Жээнбеков.
Эскерте кетсек, ишемби күнү, 22-декабрда, «Уралкалий» компаниясынын №4 тоо-кен шахтасынын 364 метр тереңдикте шахтадан өрт чыккан, анын натыйжасында тогуз адам курман болгон.
Сүрөт: newsone.ua