Кыргызстандын мурунку ажосу жеңесинин зыйнатына катышып, андан соң Эл аралык конференцияга катышат
Атамбаев 22-23-октябрда Санкт-Петербург шаарында болуп, Калыйбек Шареновтун жубайы, жеңесинин зыйнатына катышат. Андан кийин Алмазбек Атамбаев Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясынын Х башкы ассамблеясына катышуу үчүн Москва шаарына барат. Бул тууралуу КСДП партиясынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чара 24-27-октябрда өтөт.
“Анда Азиянын, Африканын жана Латын Американын алдыңкы саясий партияларынын лидерлери менен өкүлдөрү эл аралык күн тартипте турган маселелерди, экстремизм менен күрөшүү жолдорун талкууланат”,- деп маалыматта айтылат .
Андан сырткары, партиялар аралык кызматташуу тууралуу да сөз болот. Ошондой эле көз карандысыз мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөө боюнча тегерек стол уюштурулмакчы.
Экс-президент 28-октябрда Бишкекке кайта турганы айтылат