Кээде жолдо, ал түрдүү кырдаал болушу мүмкүн. Эмне кана кырдаал болбосун, карама-каршы жолго чыгуудан алыс болуңуз. Машина бет маңдайы менен кагылышы өтө коркунучтуу кырдаал. Ошол кагышуудан качып, арка жактагы унааны акырын сүзүп токтоо коркунучтуу эмес. Залал кеткен гана унаанын чыгымын төлөп бересиз, ден соолугуңузга да доо кетпейт.
Башка мисал: сиз оң сызыкчада баратасыз, а сол тарап менен карама-каршы жолдо унааны бурут жатат, ошол учурда оңго буруу менен сиз автокырсыкка же жөө жүргүнчүнү сүзүп алышыңыз мүмкүн.
Бул учурда сиз айдоочуну күнөөлөй аласыз.
Эң жакшысы унааңызга видео каттоочу орнотуп алгаңыз оң, эгер сиз кагышуу учурунда тормозду тепсеңиз жана ал сизди каттап алса, сизди ал автокырсыкта күнөөсуз экениңизди далилдейт. Эң башкысы бул жагдайда жабыр тарткандар аз болушу керек. Эсиңиздерде болсун, эч кандай унаа адамдын өмурүнө татыбайт.
Сүрөт: autogalaktika.com