ИИМ маалыматына ылайык, Ош шаарындаагы, Джим-1 көчөсүндө өчүрүлбөгөн тамекиден улам өрт чыккан.Тергөөнүн маалыматы боюнча окуя-жылдын 1чи январында болгон.
Өрт чыккан, жер төлө “притон” болгон деп болжошууда. мыйзамсыз жыныстык кызмат боюнча кылмыш иши, алты жолу козголуп, бирок ал жердин ээлери тез-тезден алмашып, далил жок болгондуктан суудан кургак чыгып кетишкен.
Жетиген меймакнасын текшерүү учурунда барс, карышкырдын жана бугунун терилери табылган. Табылгалар боюнча тергөө жүрүп жатат. Мейманканын ээсин, притон менен шериктеш деген күмөн бар. Бирок ал жер төлөдө, бейтааныш адамдарга ижарага берилип келинген жана мейманканын ээси сойкукана тууралуу кабары жок экенин айткан. Бирок милиция жаап-жашырууну максатташкан.
От эки жаш кыздын өмүрүн алып кетти, 20 жана 27 жашта болгон.
Ош шаарынын жашоочулары бул жолу Адилеттүүлүк өкүм сүрөт, деп үмүттөнөт, жана күнөөлүлөр эркинен ажыратылат деп ишенишет.
Сүрөт: vb.kg