Бул кайгылуу жаңылыкты байгенин күйөрмандары күтүүдө. Кыргызстандагы эң чоң, эң тез, Барон аттуу ат белгисиз себептерден улам каза болгон.
Улакчы атты тирүүсундө бир миллион долларга баалашкан, бирок ээси сатуудан баш тарткан. Барон, улуттук улак тартышка түшүп, оюн бүткөндөн кийин жыгылып, жан берген.
Барондун ээси Колдошев дагы деле сүйүктүү атынан ажырап калганына ишене албай турганын айткан. Колдошевдин айтымында жылкы эч бир ооруу менен ооруган эмес. Ээсинин айтымында атка атаандаштарынын көзү тийип кеткен.
Барон өлгөндөн кийин, анын эти Чүй облусунун Манас айылынын тургундарына таратылды.
Сүрөт: sputnik.kg