Ушул жылдын 4чү январында Нарын областында жол кырсыгы болду. Жүк ташуучу унаада МАН, 21 бука болгон. Унаа тосмону бузуп өтүп, оодарылып кеткен.
Жүк ташуучу унаанын айдоочусу ошол учурда башкарууну жоготуп койгон, анын негизинде унаа тосмону сүзүп, жолдон чыгып, кийин оодарылып кеткен. Бул каргашада Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылынын эки тургуну жана айдоочу өзү каза болгон. Ошондой эле ал жерден 19 буканын өлүгү табылган.
Хирургия бөлүмүнө ошол эле айылдын үч тургуну ар түрдүү жаракат менен жеткирилген.
Бул окуя боюнча териштирүү, жана зарыл болгон экспертиза иштери жүрүп жатат.
Сүрөт: kremlinpress.com