Бишкек шаарында 5-январда Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде эки айдоочу мушташып кетишкен.
№9 автобус №11 троллейбустун жолун тосуп, салонго кирип келип, тыйындарды жерге чачып мушташ чыгарган.
Троллейбустук башкаруу башчысы, Артур Өмүрзаковдун айтымында бул жагдай жөнүндө так маалымат жок. Автобустун айдоочусу менен түшүндүрүү иштери өтөт жана айыпка тартылат деп билдирди.
Сүрөт: degrad.ru