2018-жылдын жай айларында, Эркин аттуу жаран Кытайдан 8000 коробка, тоңгон өрдөктүн этин, Кытайдан эт сыяктуу импортко тыю салынганын, билип туруп, сатып алган.
Тыюу салынган азыкты, бажы текшерүүсүнөн жашыруу үчүн, эттин үстүн, шабдалы менен толтурулган. Ушул жол менен, төрт жүк ташуучу унаа “Торугарт” бажы текшерүү, пунктунан ийгиликтүү өткөн.
Көп өтпөй, бажы жана каржы кызматкерлери, 8000 коробка өрдөктүн этин табышкан. Ар бири 10 кг камтыйт, жалпысынан. 80 000 кг.
Орточо эсеп менен өрдөктүн 1кг, 280-300 сом, Эркин 23 млн сом пайда тапмак…
Соттолуучу, кылмышын мойнуна алды. Анын айтымында Кытайдагы таанышынан этти шабдалы түрүндө жашырып, ошондой эле жүктү шабдалы деп каттаткан. Балыкчы шаарында коробкаларды түшүрүп жатып, каржы полициясы тарабынан колго түшүрүлгөн. Бирок айдоочулар тыюу салынган товар алып келе жатканын билишкен эмес.
Соттолуучуга 5 жылга эркинен ажыратылсын деп буйрук чыккан жана 3000 сом өлчөмүндө, акчалай, айып пул салынган.
Сүрөт: khabarovsk.meatinfo.ru