Чүй областына караштуу, Чалдовар айылында декабрь айында кызык окуя болду. Анын акыры барымтага алуу менен аяктады.
Кечээ Жайыл райондук соту, мурда соттолгон Алмазбекке (аты өзгөртүлдү) кылмыш иши боюнча чечим чыгарган.
Октябрь айынын орто ченинде, кечке маал, мурда соттолгон Алмазбек өзүнүн досу менен, мас абалында бирөөнүн үйүнө киришип, төшөк, термос, DVD-плеер, эки куртка уурдап чыгышкан. Андан кийин Алмазбектин досу, үйүнө кеткен. Алмазбек айылда калып, дагы спирт ичимдиктерин ичип жүрүп, уурдап чыккан буюмдарын жоотуп жиберген.
Анча убакыт өткөндөн кийин, декабрь айында Алмазбек Татьяна жана Виталий аттуу жарандар менен таанышып, алардан үйунө кирип жуунуп алууну суранган, алар макул болуп, үйүнө киргизишкен. Ал үйдө Алмаз, жуунуп, тамактанып кайра Чалдовар айылына жол тарткан.
Ошол эле күнү, Алмазбек кечке маал, Татьянанын үйүнө кайра барган. Үй ээлери үйүндө жок болгон бирок айыпталуучу үйунө эптеп кирип, уктап калган. Татьяна үйүнө түнкү саат 3:00 мас абалында келип, албетте, ал өзүнүн төшөгүндө уктап жаткан Алмазбекти көрүп, кыйкырып, сөгүнүп кирген. Алмазбектин токтоп калууну суранган өтүнүчүн угуп да койгон эмес. Айыпкер андан кийин өзүн кармай албай калып, бир нече жолу Татьянаны бетине уруп жиберген. андан кийин, Татьяна жыгылып түшкөнүнө карабай, бир нече жолу, буту менен тепкен. Анан Татьянаны уктатуу үчүн жаткырган.
Эртең менен ойгонуп, Алмазбек Татьянаны үйдөн чыгарбай койгон. Бул көрүнүш бир нече күнгө созулган. Убакыттын өтүшү менен Алмазбек базарга кеткенинен пайдаланып, Татьяна жардамга чакырганга үлгүргөн. Базарда айыпкер полиция тарабынан кармалган.
Сот Алмазбекти, 7 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу чечимин кабыл алды, бирок, жаза 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен өтөлөт.
Сүрөт: gard.news