Эки күндөн ичинде постту, эки миң адам жактырышып жана 400 адам бөлүшкөн.
Кыргызстанда Facebook соц тармагынын колдонуучулары, жаш жигиттин боорукерлиги менен бөлүшүүдө.
Бишкек шаарынынын, Чүй проспектисинен, жаш жигит өзүнө шаурма сатып алаары менен кайдандыр, дубалдын түбүнөн эки күчүк чыга келет. Жигит боору ооруп, өзүнүн шаурмасын күчүктөргө берип, жылмайып коюп басып кеткен.
Бул чакан, бирок, абдан жүрөк козгоорлук окуя, жарандардын жүрөгүнөн орун алып, бул боорукерликти соц тармакта бөлүшүп, бул балага жылуу сөздөрүн жазышууда.
Сүрөт: sntch.com