Ошто 35 жаштагы эркек, 18000 сом автобустагы жүргүнчудөн уурдаган деп шектелип жатат. Жабырлануучунун сөздөрү менен, 1-январда, кечки саат беште, аялдамада автобус күтүп, турган. 127 автобус келип, аял кирип, шектүүнүн жанында турган. Жабырлануучу жол акысын төлөгөнчө 35 жаштагы эркек, аялдын чөнтөгүнөн, капчыгын уурдап, кийинки аялдамадан түшүп калган, капчыкта 18000 сом болгон.
Бактыга жараша, аял, шектүүнүн өңү, түсүн эстеп калган эле. Ошонун негизинде жергиликтүү, ички иштер бөлүмүнө арыз жазган. Шектүү ошол эле күнү, эки сааттан кийин кармалган. Аялдын капчыгы анын жанында болгон.
Прокротуранын кызматкерлери жергиликтүү сотко өтүнүч менен кайрылышкан. Сотто кылмышкер, бир жылга, үй камагына соттолгон.
Сүрөт: ks.kn.ua