Жакында эле, кыргыз бийлиги, жол эреже бузуулар үчүн айыптык төлөм суммасын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алып, кээ бир айып пул кыскарса, ал эми кээ бир учурларда көбөйүп кеткен., мисалга алсак, коопсуздук курун тагынбаганы үчүн 300 сомдон 1000 сомго чейин көбөйгөн. Айрымдар бул чаралар туура дешсе, башкалар нааразычылык билдиришүүдө.
ЖК депутаты Дастан Бекешев жаңы Кодекстен көп ката тапкан жана асмандан алынган дейт, депутат.
Медиаэксперт Элмира Токтогулова айып өзгөртүүлөрдү, жаңы чечимди колдойт, ал жарандарды жол кыймылынын эрежелерин бузбоого чакырат.
Адвокат Улан Жумаков ылдамдыгын жогору айдаган айдоочулар үчүн айып 100 миң сомго чейин көбөйтүү керек, ал эми мас айдоочулар үчүн 17,500 сом болушу керек деп эсептейт.
Уландын сөздөрүнөн:
“Жаңы эрежелерге ылайык, айдоочу мас абалында айдагандыгы үчүн жаза – 17 500 сом, ал эми мас абалын экспертизадан баш тартуу, үчүн эсе аз төлөп койсо болот. 5500сом. Кайсы вариантты мас абалындагы айдоочу тандайт экени айтпаса да белгилүү дейт Жумаков.
Кыргызстандын жарандарынын пикирлери ар тарапка чачылууда, кээ бирлери туура дешсе, кээ бирлери-таптакыр каршы.
Сүрөт: kaktus.media