Ысык-Көл областтык соту “Голубой Иссык-Куль” санаториясынын куткаруучусу Рахимди ( аты өзгөртүлдү) эки жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарды. Буга чейин райондук сот Рахимди күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратууга өкум чыгарган. Куткаруучуну кайык бекетинде баңги зат сактаган деп айыпталууда. Тинтүү учурунда 21кг кара куурай табылган.
Кылмышкер мындай айыптоолорду четке кагып, бул иште өзүнүн тиешеси жок экенин айтып, ошол эле санаторийде дагы эки киши иштегенин айткан. Рахим баңгизатты ким сактаганы жөнундө маалыматы жок. Баңгизатты алып коюу учурунда ал жерде болбогон. Күбөлөрдүн айтымында, Рахим менен имаратты ижарага чогу алган эркек киши жайы бою короодо бир нерселерди түзөтүү менен жана кандайдыр бир документтер менен алек болгон. эркек киши 1 июнда кампага белгисиз мүшөк алып кирген. Жылдын 4-июнунда, эки полиция кызматкери, күбөлүгүн көрсөтүп, Рахим ижарага алган имаратты тинтүүнү башташкан. Тинтүү учурунда бир мүшөк баңгизат табылган. Кылмыш фактысы боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат.
Сүрөт: vaperuss.ru