Тегеранга жакын жерге кулап түшкөн жүк ташуучу Boeing 707 учагы Бишкектен учуп чыкканын РИА Новости агенттиги жазды.
Тегеранга жакын жерде кулап түшкөн учак ирандык авиакомпанияга таандык болгон.
Алдын ала маалымат боюнча учак Бишкектен чыгып Тегерандын жанындагы Карадж шаарындагы “Пайам” аэропортуна конмок. Бирок катачылыктан улам ошол эле шаардагы “Фатх” аэропортуна конгон
Учкуч жерге конуп жатканда учакты башкара албай, ал учуп конуу тилкесинен чыгып, киши жашаган аймакка кирип кеткен.
Сүрөт: twitter.com