Бүгүн эртең менен, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө, адам сабоо жана ошол эле учурда ок атуучу куралды колдонуу жөнүндө маалымат түштү, Алдын ала маалыматтар боюнча, 22 жаштан 23 жашка чейинки жаштардын тобу төлөөгө жөндөмсүз карыз алган кишини, талаага алып барып, мыкаачылык менен сабап кетишкен.
Окуя тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Кырк жаштагы эркек киши 48 мин сом карыз алып, төлөй албай калат. Эркек киши, Ноокат райондук ооруканасына башы жабыркап, колу сынып, жана ок тийип оор абалда азыр. Милиция кызматкерлери ал уюшкан топтон төртөөсүн кармап, арматуранын бөлүктөрүн, мергенчи мылтыгын тартып алышкан. Бул курал менен кредиторлор, карыз өндүрмөкчү болгон.
Сүрөт: sputnik.kg